Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо системасынын Концепциясынын долбооруна

Түшүндүрмө кат

 

Мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо системасынын Концепциясынын долбоору (мындан ары – Концепция) КР БИМдин 2018-жылдын 26-июлундагы №986/1 буйругуна ылайык, READ (ДБ) долбоорунун колдоосу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Долбоор КР БИМге, КР БИМдин алдындагы Стандарттар жана билим берүүнүн сапаты боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө талкуулоого берилген, кесиптик коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуулардын алкагында талкууланган.

 

Концепцияны иштеп чыгуу зарылчылыгы эмне үчүн пайда болду?

 

Концепцияны иштеп чыгуу зарылчылыгы жалпы билим берүүнү комплекстүү реформалоону ишке ашыруу жана реформалардын ийгиликтүү болушунун шарты катары билим берүүнүн сапатын баалоого карата системалык мамилени түзүү зарылчылыгы менен шартталат. Билим берүүнүн сапатын баалоонун натыйжалуу системасын түзүү 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында жана 2030-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоорунда коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бири катары каралууда.

 

Билим берүүнүн сапаты жана аны баалоо маселелерин талкуулоо PIRLS, TIMSS жана PISA эл аралык изилдөөлөрүн жүргүзүүлөргө байланыштуу дүйнө жүзүндө акуталдуу болууда. Кыргызстанда билим берүүнүн абалы жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз жана объективдүү алуу жана аны жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерине карата маалыматтар менен камсыздоо үчүн билим берүүнүн сапатын баалоо системасын иштеп чыгуу PISA 2024 катышууга даярдоого байланыштуу өзгөчө актуалдуу болууда.

 

Документти даярдоонун алкагында жүргүзүлгөн абалды талдоо сапатты баалоо жаатындагы билим берүү системасынын төмөнкү жалпы көйгөйлөрүн аныктоого мүмкүндүк берди:

  • – окутуунун пландаштырылган натыйжалары менен окутуу практикасында баалануучу жана жалпы билим берүү системасынан чыгуунун ортосундагы айырмачылыкты;
  • – окуучулардын жетишкендиктерин баалоодогу жана мониторинг жүргүзүүдөгү, мониторингдин жана баалоонун ар кандай деңгээлдерин камтуучу мамиленин жоктугу;
  • – баалоочу изилдөөлөрдүн маалыматтары “эмипирикалык циклге” ылайык келбөөдө, б.а. башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, окутуу программаларын ж.б. корректировкалоо үчүн дээрлик колдонулбайт;
  • – өлчөө жаатындагы адистердин инстуционалдык изилдөөчүлүк потенциалынын жетишсиздиги;
  • – башкаруу системасы билим берүү системасынын көрсөткүчтөрү жөнүндө өз убагындагы жана так маалымат менен камсыздалбайт.

 

Мектептердеги окуучулардын жетишкендиктерин баалоо окутуунун натыйжаларына жетишүүгө эмес, азыркы күнгө чейин окутуу процессин учурда көзөмөлдөөгө гана багытталган; баалоо окутууну, ыкмаларды жана мазмунду корректировкалоо үчүн эмес, көзөмөлдөө куралы катары колдонулат; баанын беш баллдык шкаласынын акыркы девальвациясы болду; критерийлер жана баанын өзү, анын ичинде мектеп өзү жүргүзүүчү жыйынтыктоочу экзамендер объективдүү эмес, ошондуктан коом жактан аларга болгон ишеним төмөндөөдө.

 

Концепцияда эмне сунушталууда?

 

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн максаттар жана күтүлүүчү натыйжалар, стандарттар жана программанын мазмуну, окуу-усулдук материалдар жана педагогдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системалары сыяктуу билим берүү системасынын бардык элементтери менен макулдашылган билим берүүнүн сапатын баалоо системасы керек; жана аны институционалдык жана педагогикалык потенциалды калыптандыруу, тиешелүү саясаттарды иштеп чыгуу жана финансылык ресурстарды мобилдештирүү аркылуу ишке киргизүүнү жана иштешин камсыздоо зарыл.

 

Концепциянын максаты – мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн сапатын баалоонун улуттук системасынын бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылган көз карашты көрсөтүү.

 

Концепция төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- мектепке чейинки билим берүүдө – мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы чөйрөнү жана шарттарды баалоого багытталуу. Мектепке чейинки билим берүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат алуу үчүн улуттук мониторингдер – мектепке даярдоо деңгээлиндеги психологиялык-педагогикалык көрсөткүчтөрдү өлчөө жүргүзүлөт.

- мектептик билим берүүдө Концепция баалоонун үч негизги деңгээлин камтыйт: а) класстын ичиндеги, б) экзамендер, в) улуттук жана эл аралык баалоочу изилдөөлөр.

 

А) Класстын ичиндеги баалоо деңгээлинде төмөнкү чаралар сунушталган:

  • – Критериалдык баалоого өтүү;
  • – Формативдик баалоону күчөтүү жана сапаттуу кайтарым байланышты берүү менен (сунуштар менен, анын ичинде ата-энелер үчүн да сунуштар менен бардык предметтер боюнча баяндоочу сапаттуу баалоо) 3-класстын жарымына чейин баа коюусуз баалоону ишке киргизүү;
  • – Учурдагы баанын салмагын төмөндөтүү (жыйынтыктоочу баа – учурдагы баалардын орточо арифметикалыгы ЭМЕС);
  • – Орто аралык суммативдик баалоочу иштерге басым жасоо (окутуунун натыйжаларын өлчөө);
  • – Келечекте баалардын шкаласын өзгөртүү (аналитика жана сунуштар бар).

 

Б) Экзамендер системасында төмөнкүлөр сунушталды:

  • – 4-класстагы жетишкендиктерди жыйынтыктоочу өлчөөнү ишке киргизүү;
  • – 9-класстагы ЖМА: куралды стандартташтыруу, борбордоштурулган иштеп чыгуулар, ачык түрдөгү тапшырмаларды киргизүү, ачык түрдөгү тапшырмаларды баалоо/эксперттик текшерүүлөр жаатындагы дараметти жогорулатуу, тышкы баалоо режимине которуу мүмкүнчүлүгү;
  • – 11-класстагы ЖМА: куралды стандартташтыруу, борбордоштурулган иштеп чыгуулар, ачык түрдөгү тапшырмаларды киргизүү, ачык түрдөгү тапшырмаларды баалоо/эксперттик текшерүүлөр жаатындагы дараметти жогорулатуу;
  • – Жожго тапшыруу: көз карандысыз кампания тарабынан өткөрүлүүчү өзүнчө ЖРТны сактоо.

 

В) Системаны системалык мониторингдөө үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • – Ар кандай предметтер боюнча 5-11-класстардагы мониторингдик текшерүү иштерин акырындык менен иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • – Жеткиликтүүлүктүн ар кандай деңгээлдеринде талдоо үчүн натыйжалар жеткиликтүү болгондой кылып окуучулардын жетишкендиктерин мониторингдөө системасын санариптештирүү;
  • – ОБЖКБ: 4 жана 8-класстарда, кошумча – 6 класстарда үч жылда бир жолу мезгилдүүлүк менен окуучулардын жетишкендиктерин тандалма улуттук баалоо;
  • – PISAга системалык түрдө (15 жылдык, математикалык, табигый илимдер жана окуу сабаттуулугу), узак мөөнөттүү келечекте PIRLSке (4-класста окууну жана түшүнүү баалоо) катышуу.

 

Билим берүүчү уюмдарды аккредитациялоо процедуралары жакшыртылат жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар системасы менен байланыштырылат. Билим берүүчү уюмдардын өзүн өзү баалоосу сапатты башкаруу системасынын милдеттүү компоненти болууда жана жыл сайын өткөрүлөт.

 

Педагогикалык жана административдик кадрлардын квалификациясын баалоо үчүн кесиптик стандарттардын жана квалификациялык талаптардын негизинде сертификациялоо/аттестациялоо жүргүзүлөт.

 

Билим берүү системасынын абалы жана сапаты жөнүндө маалымат ББМСке аккумуляцияланат жана заманбап чечимдерди кабыл алуу үчүн КР БИМдин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан талданат.